Кыргызстандын Ирандагы элчилиги ишин убактылуу токтотту
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Ирандагы элчилиги ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун билдирди.
Мекеме Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздук чараларын сактап, эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын так аткарууга чакырды.
Мындан тышкары жанында ар дайым тек-жайын тастыктаган документтерди алып жүрүү керектигин эскертти.
Министрлик кыргызстандыктарды Иранга убактылуу барбай туруу сунушун берди.
Өзгөчө кырдаалдар болсо же консулдук-укуктук жардам алуу зарыл болсо, ТИМдин Консулдук департаментинин ишеним телефонуна, ошондой эле Иран менен чектеш мамлекеттердеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу керек.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы биргелешкен операция баштап, сокку ургандан кийин курчуп кетти. Чабуулдун биринчи күнүндө Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи баштаган жетекчилер өлтүрүлгөн, аскердик жана өзөктүк объектилерге зыян келтирилген.
Иран буга жооп кайтарып, АКШнын Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан аскердик базаларына сокку урууда. Тараптар бири-бирине чабуулдарын улантып жатышат. Согуш качан токтору азырынча белгисиз.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин жалпы Перс булуңунда 22 миң кыргызстандык бар экенин кабарлаган. Аларды эвакуациялоо иштери 4-мартта башталып, жүздөгөн мекендештер өлкөгө кайтарылган.
Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев Иранда 100гө чукул кыргызстандык бар экенин “Азаттыкка” 2-мартта билдирген. Алардын арасында элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү да бар. Ирандагы кыргызстандыктардын айрымдары коопсуз жактарга чыгарылганы кабарланган. (BTo)