Көч
![Көч](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-2fb7-08dc8c7dbf25_tv_w800_h450.jpg)
Жаз жана жайдын башы Кыргызстандын ар кайсы аймагында эл жайлоого жапырт көчүп жаткан маал болот. Жайлоого көчүү - бул бир жагы төрт түлүк мал менен тиричилик кылган элеттиктер үчүн муктаждык, экинчи жагы көчмөн элдин маданиятындагы табиятка мамиленин көрүнүшү.