Добавить новость

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Энелердин көз жашы «Ачык саясат», 17.06.11

Каргашалуу июнь окуясына бир жыл толду. Кандуу окуянын бир жылдыгына карата эскерүүгө Президентибиз баш болгон...

The post Энелердин көз жашы «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Каргашалуу июнь окуясына бир жыл толду. Кандуу окуянын бир жылдыгына карата эскерүүгө Президентибиз баш болгон жетекчилер, депутаттар Ош шаарында «Энелердин көз жашы» аттуу эстеликти ачышты. Эстелик ачылды, жабыркагандарга миллиондор берилди. А бирок, орду толгус жоготуулардын орду толуп, энелердин көз жашы токтоп, көкүрөктөгү кайгы-муңдары бөксөргөн жок. Ордолуу Ош шаарына барып, коогалаңда кулунун, жолдошун жоготкон энелерге, кайрат айтып, арманын уктук.

Ош коогалаңында кызматтык милдетин аткарып, жабыркагандарга жардам берип, каза болгондордун сөөгүн жерге калтырбай өлүкканага алып барып, өз коопсуздугунан коркпой коогалаңда жүргөн дарыгер-хирург Касымбек Жусупакматов аянычтуу өлүмгө учураган. Анын сөөгү 2-июлда Өзбекстандын Андижан областынан алынып келинген. Баарынан өкүнүчтүүсү 17-июнда Референдум өтүшү керек болгондуктан, Ак Буура дарыясы менен Кыргызстандан агып барган өлүктөр Андижанда жата берип, сасып, курттап кеткен.

Назгүл МАДЫЕВА,
Касымбектин жубайы:
— Менин жолдошум Касымбек 38 жашында каза болду. Эгер тирүү болгондо быйыл 39 жашка чыгат эле. 10-июнь күнү эртең мененки саат:6:00до телефон чалышып «ишке келбей эле койгула»-деп билдиришти. Бир туугандарыбыз да «эшикке чыкпагыла. Согуш башталыптыр»-деп жатышты. Касымбек «мен үйдө отурбайм. Врачтардын милдети. Согушта иштеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүшүбүз керек»-деп ишке кетип калган. Жумушуна жеткенде «жеттим»-деп телефон чалды. Ошол бойдон 16-июнга чейин телефон аркылуу гана сүйлөшүп турдук. 14-июнь күнү тополоң болуп, «өзбектер келатат» деген ызы-чуу чыгып, кайним бизди Ноокатка жеткирип келди. 15-июнь кызымдын туулган күнү болчу. Жолдошум телефон чалып «эртең келе бергиле. Согуш тынчып калды. Кызымдын туулган күнүн үйдөн өткөрөлү. Мен чакыруу боюнча жабырлангандарга барып келдим. «Тез жардамдан» эми түшүп жатабыз. Телефонум өчүп жатат. Кыжалат болбой эле кой» деди. Ошону менен кечинде телефон чалсам телефону өчүк экен. Көрсө мени менен сүйлөшүп бүтүп, оорукананын дарбазасынан кире электе өзбектер сүйрөп кетишиптир. Жанында айдоочусу менен студент бала бар экен. Алар ок атылганда эле качышыптыр. Ондой өзбек бир короого киргизип кетишиптир. Жолдошумду өзбектер атып эле тим болбостон көкүрөк сөөгүн, кабыргасын сындырышып, сууга ыргытып жиберишкен. Жолдошум иштеген оорукана өзбек маллясында жайгашкан. Жолдошумдун өлтүргөн киши да ошол эле оорукананын катарында жайгашкан үчүнчү үйдүн жашоочусу болуп чыкты. Сулайманов Өктөмжан бир топ жылдан бери ЭЛТРдин оператору болуп иштеген киши экен. Ал гана эмес кайнатам менен мурда чогуу иштешиптир. Айыпкер Сулайманов «мен ал кишинин баласы экенин билген жокмун. Атып таштагам» деди. Ага сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Жолдошумду таппай жатканда «Тирүү. Бир жаракат алган адамды дарылап жатат»-деп бизди алаксытып жатышты. Бирок, Касымбектин тирүү эмес эле, өлүк денеси табылды. Кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылганы менен менин жолдошум тирилип келбейт да. Беш балам менен жесир калдым. Кандай гана бактылуу үй-бүлө элек. Бардыгы талкаланды.

Кубанычбек Аскаров Ош шаарындагы жеке нотариустардын биринде кызмат кылчу. Каргашалуу күнү үйүндө тынч тура албастан, спорттук костюмун кийип, көчөгө чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз жоголуп, сөөгү өлүкканадан табылган. Табиятынан патриоттуулугу күч Кубанычбек кыргыз деп снайпердин огунан көз жумган.
Мактым Жунусова,
Кубанычбектин апасы:
— Уулум туулгандан эле өзгөчө бала эле. Кыздарым жок. Бардыгы уул. Беш жашынан тартып бөбөктөрүн багып, менин жардамчым эле. Мектепти да жакшы окуп бүтүрдү. Акыркы жолу 6-июнда үйгө келип кеткен. Ошол бойдон көргөн жокмун. Үйдөн кеткендин эртеси атасы экөөбүз шаарга барып, жумушунун жанынан өтүп баратып, алагды кылбайлы деп жолукпастан өтүп кеткенбиз. Акыркы арманым ошол. Ошондо уулума жолугуп эле кетсем болмок экен. 11-июнь күнү гилас терип жатканбыз. Анан чоң уулум Ошто тополоң болуп жатканын кабарлады. Анан Кубанычка телефон чалсам кичүү баламды айтып «Апа, Алтынды сыртка чыгарбагыла. Ошто тополоң болуп жатат. Мен балдар мененмин» деди. Акыркы сүйлөшкөнүм ушул болду. Ошондон тарта жүрөгүм бир нерсени сезгендей, өзүмдү тынчыта албай жаман болуп жаттым. Анан эле келиним чалып, Кубаныч жок деди. Чоң уулум издеп жөнөдү. Ошентип сөөгүн шаардагы өлүкканадан таптык. Сөөгүн үйгө алып келе албай, БТР менен алып келишти. Анткени, көчөдө кандуу согуш болуп жаткан. Дарбаза ачылып улуу балам бакырганда эс-учумду билбей жатып калыптырмын. Арман күн ошол күн түш болуп калса эмне. Эсимди жыйып, кайрат кылдым. «Келинчегин алып келе албайбыз, көчөдө согуш болуп жатат» дешти. «Эмне болсо да алып келгиле, жубайы, балдары жок кантип жерге беребиз. БТРге акча төлөп болсо да алып келгиле» -деп зар какшап сурандым. Анан БТР менен алып келишти. Согуштун айынан сөөктү койгонго туугандарыбыз келип, топурак сала алышкан жок. Кыргыз деп күйгөн патриот эле. Мектепке жакшы окуган балдарга стипендия берчү. Өзү үйүн салып бүтө элек. Бирок, эл дегенде чуркап, уюштургуч эле.
Карапайым калкта эч күнөө жок. Согуштун чыгышына бийликтегилер күнөөлүү. Азыркы бийлик эң башта 7-апрелде кан менен келгенде эле менин жүрөгүм бир жамандыкты сезген. Мен Бакиевди да жактабайм. Качан жана эмне болбосун баарын бийлик баштайт. Болбосо карапайым өзбек менен кыргыздын ортосунда талаша турган эч нерсе жок болчу. Ошто төрт күн кан төгүлдү бийлик эч кандай чара колдонгон жок да. Баары бүткөндө гана келишти. Экинчи мындай согуш болбосун. Энелердин жүрөгү сыздабасын.

Кайрыса АСКАРОВА,
жубайы:
— Жолдошум үйдөн чыгып кеткен бойдон келбей калды. Телефону да иштебей калды. Издебеген жерим да калган жок. Бир гана өлүкканага кирген жокмун. Себеби, Кубанды өлүмгө кыйган жокмун. Көрсө эбак эле өлүп, ошол жакта экен. Жолдошумду өлтүргөндөр табылган жок. Кимдин колунан ажал тапканын да билген жокпуз. Милициялар издеп жатабыз дегенден башканы айтышпайт. Кечээ Премьер-министр Алмазбек Атамбаев келгенде айттым. Анын көзүнчө Курсан Асанов менден жолдошумдун фамилиясын сурамыш болду. Бирок, эч кандай тыянак чыккан жок. Эртең балдарыма эмне деп айтам. «Атаңарды өзбектер өлтүргөн. Бирок, эч ким жазасын алган жок» -деп айтамбы? Мындан улам кантип Президентке нааразы болбойсуң. Роза Отунбаева дайыма Ошко келгенде өзбек айылдарына барат. Ал эми бир да жолу биз менен жолугушуу өткөрүп, кайрат айтып койгон жок. Ал дагы эне го.

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын май айларындагы башаламандыкта элди ынтымакка чакырып, кыргыздын туусу өрттөлүп жатканда каңырыгы түтөп, кыргыз деп ураан чакырып, кийин Ош коогалаңында окко учкан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Мырзабековдун дүйнөдөн кайтканына бир жыл толду. Анын алдыга максат кылган чоң-чоң эмгектери ишке ашпай калды.
Базарбүбү МЫРЗАБЕКОВА,
Эрмектин апасы:
— Согуш башталган күнү уулумду чыкпа деп жакшы эле айткам. Бирок, уулум мени укпай Ошко гумжардам алып кетип калыптыр. Ошол жерден ок тийип каза болду. Баарынан өкүнүчтүүсү Эрмектин элге жасаган эмгеги акталбады. Кайрымдуулук иштерди көп жасачу. Акыркы кезде уулумдун артынан Акматы да Кадыржаны да аңдууга алышты. Анткени Эрмек элдин көзүнө көрүнүп, чоң суммадагы кредиттерди алып, бизнес кыла баштаган. Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат эле. Уулум каза болгондон кийин арбагы ыраазы болсун деп жогорку бийликтен «Эрдик» наамын берүүсүн өтүнгөм. Наам бөлүштүрүү бөлүмүндө иштеген Бүбүкан Досалиевага арыз да таштап келгем. Бирок, эч кандай жооп болгон жок. Артында калган балдарына деле сыймык болот эле. «Эрдик» наамы берилсе эле уулумдун арбагы ыраазы болчудай. Президенттен суранаарым ошол. Эне катары түшүнүп койсо деп үмүттөнөм.

Капитан Мыктыбек Сулайманов Базар-Коргон РИИБнүн кызматкери болуп эмгектенип келген. Ал 2010-жылдагы коогалаңда кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда өзбектердин колунан ажал тапкан. Артында ата-энеси, жубайы жана балдары калды.
Карамат апа,
Мыктыбектин апасы:
— Кагылайын кызым, былтыр да келип кеттиң эле. Биз өзүң көргөндөй ыйлап-боздоп отурабыз. Уулумдун бир жылдыгын өткөрүп жатабыз. Балам тирилип келген жок. Жүрөгүбүздө так калды. Орду толгус жоготуу болду. Башыбызга каран күн түштү. Экинчи мындай согуш кайталанбасын. Меникиндей оор кайгыны эч бир энеде болушун каалабайм.

Бегалы Айдаров МАИ кызматкери. Бир үйдүн жалгыз баласы. Коогалаңда жанындагы жолдош баласы менен мыкаачылардын колунан ажал тапкан. Алардын сөөгү кароосуз калган үйдүн жертөлөсүнөн табылган.
Мурзай АЙДАРОВ,
Бегалынын атасы:
— Азыркы бийликке биз абдан нааразыбыз. Күч структураларында кыргыз элин, жерин коргогон кызматкерлерге «Эл Баатыры» наамын берүүсү керек эле. Алар кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Ошто коогалаңда он алты орган кызматкери кызмат учурунда каза болду. Биз күч структураларында иштеген жоокерлерибизди коргошубуз керек. Аларга дух берип, колдоо көрсөтүшүбүз керек. Эгер биз андай кылбасак, эртең Кыргызстанды ким колдойт? Ушуну ойлонушубуз керек. Митинг болсо бийликтегилер кайра эле милицияларды пайдаланышат. Менин жалгыз уулум МАИде иштечү. Кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда өзбектер бырчалап өлтүрүп, бир үйдүн жертөлөсүнө көмүп коюшуптур. Машинасын таштандыдан таптык. Талкаланып калыптыр. Кылмышкерлер алтоо кармалган. Бирөөсүн Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Алтынбек качырып жиберген.

Сабира КОКОНБАЕВА,
Бегалынын апасы:
— Уулум Айдаров Бегалы 1985-жылы туулган. Жалгыз балабыз эле. Эми атасы экөөбүз бир үйдө жалгыз калдык. Тагдырды кара, жалгыз балабыздан да айрылып калдык. Артында да туяк калбады. Уулум МАИде иштегендиктен азыр жолдо кетип бара жатып уулум турган жерди карап өтөм. Мага тирүүдөй, иштеп жүргөндөй туюлат. Атасы да, кайним да милицияда иштеген. Уулум өзүнүн кесибин сүйчү. Азыр көчөдө кары адамдарды көрүп жүрөгүм сыздайт. Эртең жолдошум экөөбүз карысак бизди ким карайт. Кайгыбыз ушул. Жалгыз балабыздан айрылдык. Тирегибизден айрылдык. Мен Президентибиз Роза Отунбаевага абдан нааразы болдум. Кечээ «Энелердин көз жашы» деп эстелик ачты. Кайсы энелердин көз жашын айтып жатат. Ал эстеликтин ачылышына уулун жоготкон энелер чакырылган жок да. Отунбаева бир да жолу уулун жоготкон энелер менен жолугуп, кайрат айтып, кайгы муңун уккан жок. Келсе эле өзбектердин Шарк айылына барат. Бийликке карапайым элдин тагдыры баары бир экен. Энелердин көз жашы эч качан төгүлбөсүн!
Түштүк коогалаңында жабыркаган жарандардын кайгы-муңу толкуп-ташып турат. Аларга кайрат айтып, капасын бөлүшчү адилет бийлик жок. Акыйкат чындык жок. Бул дүйнөнүн сотунан качкандар Кудайдын сотунан кача албайт!

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош-Жалал-Абад

The post Энелердин көз жашы «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Семейный пикник «Родные - любимые» пройдет в Поморье в третий раз



VIP

СберСтрахование застраховала крупные предприятия на Урале почти на 2 трлн рублей




Українські новини

Робота водієм у Таксі 571 (Київ)



Новости 24 часа

Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге



Game News

'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning



Москва

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве



News Every Day

‘I’ll have to talk to my agent’ says Harry Kane as England star offered transfer from Bayern during press conference



Интернет

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70



Москва

В районе Коньково в рамках фестиваля «Лето в Москве» проведут творческую мастерскую 27 июня



Тимати

4-летний сын Тимати научился ездить на мотоцикле. Смотри видео



Москва

Андрей Воробьев отметил важность возвращения иконы Рублева в лавру



Уимблдон

Россиянка Эрика Андреева вышла в финал квалификации Уимблдона



Москва

Как выбрать лучший строительный субподряд



Баста

Баста, Ольга Бузова, МОТ, Клава Кока, Mary Gu, Ramil’ и Dabro удивили выпускников концертами-сюрпризами



Симферополь

Семья из Симферополя отправилась в колонию за мошенничество



Москва

ГПМ Радио: победа на июньском конкурсе ФКК



Москва

Собянин: Уровень безработицы в Москве будет снижен до 1,2 процента к 2030 году



Москва

Как выбрать лучший строительный субподряд



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Захарова: договор между РФ и КНДР не направлен против третьих стран

МИД РФ ввел санкции против 36 антироссийски настроенных новозеландцев

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве

Россия внесла в "стоп-лист" 36 граждан Новой Зеландии


Москва

Как выбрать лучший строительный субподряд






Rss.plus

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве

АНДРЕЙ БЕЛОУСОВ И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ОТКЛЮЧАЮТ НАСТОЯЩИХ ПИРАТОВ?!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вольфганг Амадей Моцарт

Педагог центра «Моцарт» стала лауреатом фестиваля-конкурса «Алтарь Отечества»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Hisense запустила рекламную кампанию «Ставшие легендой»

Детская зона «ЯРКО» – на Летней Спартакиаде «Газпром-Медиа Холдинга»

Новичок ярославского «Локомотива» сыграет в гала-матче в Москве


Уимблдон

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Происшествия

Заместитель Московско-Курского транспортного прокурора в рамках работы мобильной приемной провела личный прием граждан на Курском вокзале г. Москвы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России