Донецк: "Азаттык" менен кызматташкан журналист Асеев 15 жылга соттолду
Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк облусунда сот "Азаттыктын" украин кызматы менен кызматташып жүргөн журналист Станислав Асеевди 15 жылга эркинен ажыратты. Ал 2017-жылы жазында камакка алынган. Ага "тыңчылык", "экстремизм" жана Орусияга ыктаган жикчилдер көзөмөлдөгөн "аймактын бүтүндүгүн бузуу" өңдүү айыптар тагылган.
«Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай журналисттин соттолгонун айыптады жана чукул арада бошотулушу керектигин айтты.
Флай "Асеев журналист катары Украинанын чыгышындагы кырдаалды чагылдырууга аракет кылганын" белгиледи жана сот өкүмүн "журналисттин көз карандысыз, кубаттуу үнүн өчүрүү аракети" катары сыпаттады. Жейми Флай ушул айдын башында Киевдеги басма сөз жыйынында да Асеевди бошотууга чакырган.
Асеевдин бошотулушун бир катар эл аралык уюмдар, алдыңкы дүйнөлүк медиалар да талап кылып жатат.