Непал: учак кырсыгынан өлгөндөр 49га жетти
Бангладештин борборунан келаткан учак 12-мартта баш калаа Катмандунун аэропортуна конуп жатканда кырсыкка учураган. "US-Bangla" компаниясына таандык учакта 67 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон.
Аэропорттун куткаруу кызматы учактагылардын айрымдарын чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Ошентсе да ооруканага жеткирилгендердин көбүнүн абалы оор экени кабарланууда.
Кырсыктын себеби аныктала элек. Непалдын премьер-министри Шарма Оли набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, иликтөө жүргүзүлөрүнө убада берди.