Бишкек-Баткен каттамындагы учак Баткенге жетпей, кайра Бишкекке келип конду
Бул маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова да ырастап, учактын коно албай кайтып келишине туман себеп болгонун билдирди.
Буга чейин 1-март күнү да "Tez Jet" аба компаниясынын Бишкек-Баткен багытында бараткан учагы 22 мүнөт учкан соң , кайра Бишкекке конууга аргасыз болгон. Буга учак кыймылдаткычтарынын бири иштебей калганы себеп болгон. Учакта 96 жүргүнчү болгон, эч кимиси жабыркаган эмес.
Бул факты боюнча Бишкек ШИИБ "Аба, темир же суу жолундагы эксплуатация жана кыймыл эрежелеринин бузулушу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон. (ZKo)