Өзгөндө ууланган үч бала Ошко которулду
- Жандандыруу бөлүмүндөгү эки балага берки баланы да кошуп, Ошко жибердик. Абалы оорлоп кеткени үчүн которууга аргасыз болдук. Калгандары өзүбүздө жатышат. Дарыларын берип, уколдорун сайып, карап жатабыз.
11-март күнү Өзгөн шаарынын он төрт тургуну үйдө жасалган салатка ууланып, 12-мартта ооруканага кайрылган. Алардын ичинен үчөөнүн: эки бала менен бир чоң кишинин абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Өткөн айда Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага түшкөн. Көп өтпөй, эки наристе чарчап калган. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, мантуу жегенин жакындары айтышкан. (MdN)