"Кыргызнефтегаз" элдеги акцияларын чогулта баштаганы акционерлерди нааразы кылды
- Бул аракет - Кочкор-Ата шаарынын тургундарын жана "Кыргызнефтегазда" иштеген жумушчуларды ойлонто турган жагдай. Ишкана толугу менен сатылып кетсе, анын эртеңки тагдыры эмне болот?
Ал эми "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкы инженери Тимур Мураталиев өндүрүштү жогорулатуу жана жаңы кен жайларын ачуу максатында өкмөт "Газпром" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, учурда эки тараптан 8 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, инвестор 100% акция талап кылгандыктан, элдин колундагы акцияларды чогултуу башталган.
2500 адам иштеген "Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана былтыр 100 миң тоннага жакын мунай өндүргөн.(RsK)