Түп районунда окуучулардын мушташынан эки бала жабыркады
Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов окуучулардын чыр-чатагы боюнча териштирүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя жума күнү, 18-майда Түп районунун Түп айылында болгон. Жалпы республикалык тестке келген Байзак айылы менен Кең-Суу айылынын 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан.
- Бул боюнча милицияга кайрылуу түшүп, райондук ички иштер бөлүмүнө факты катталган. Соттук медициналык экспертиза түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Бул иштер аяктаса, окуяга баа берилет, - деди Усубакунов.
Усубакуновдун айтымында, мушташкан балдар оор жараат алган эмес.
Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Түптө тест тапшырганы келген окуучулар арасында массалык мушташ чыкканын, андан бир окуучунун тиши сынып, бири эс-учун жоготконун жазган. Алардын экөө ушул кезге чейин ооруканада жатканы айтылган. (AsM\ErN)