Жыл башынан бери 300гө жакын экcтремизм фактысы аныкталды
Бул фактылардын негизинде 159 кылмыш иши козголгон.
Буга чейин БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Бишкектеги кеңсеси Кыргызстанда 2017-жылы террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга айыпталып 191 киши соттолгонун кабарлаган. Алардын дээрлик 90% эки берене менен бирдей айыпталган. Камалгандардын 19% жалданмачылык боюнча да кине тагылган.
Соттолгондордун 89у беш жылдан он жылга чейин, 33ү 20 жылга чейин кесилген. Дагы ону 20 жылдан жогору, 14ү өмүр бою эркинен ажыратылган. (ErN)