Күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынат
Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбековдун айтымында, күйүүчү май май-июнь айларында кымбаттаган. Ага Орусияда мунайзат өндүрүмүнүн дүң баасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон. Чийки мунайзаттын баасы эмгиче дээрлик үзгүлтүксүз көтөрүлүүдө. Май-июнда эле ал 9-10% жогорулап, акыркы 3,5 жылда биринчи жолу баррелине 80 доллардан жогору көтөрүлгөн.
Кеңешмеде айтылгандай, 2018-жылдын январь-июнунда республикага 234 миң тонна автоунаа бензини жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон. (КЕ)