Орусия: түрмөдөгү кыйноону ашкерелеген адвокат өлкөдөн чыгып кетти
Адвокат өткөн аптада "Новая газета" басылмасына берген 10 мүнөттүк видео тасмада Ярославлдагы түзөтүү колониясында Евгений Макаров аттуу соттолгон адамды форма кийген он чакты киши катуу сабап жатканы көрсөтүлгөн. Макаровдун ыйлап, ур-токмокту токтотууга чакырганын угууга болот.
Орусиянын Тергөө комитети абактагы адамды сабоого катышкан түрмө кызматкерлери аныкталганын, алардын алтоо кармалганын 23-июлда билдирди. Бул видео тасма жарыялангандан кийин 17 түрмө кызматкери кызматтан алынды.