Афиныда демонстранттар менен полиция кагылышты
Полиция аларга каршы дубинка, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бул окуядан кеминде тогуз полиция кызматкери жараат алды.
Грециянын өкмөтү 1991-жылдан бери Македониянын аталышына каршы чыгып, өз аймагында дал ушундай эле аталыштагы аймак бар экенин, бул кийин жер талашка себеп болушу мүмкүндүгүн билдирип келет.
Македониянын аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүү боюнча келишимге эки тараптын өкмөт башчылары былтыр июнь айында кол коюшкан. Грециядагы демонстранттар коңшу өлкөнүн аталышында Македония деген сөз болбошу керектигин айтып жатышат.
Дээрлик он күн мурда бул келишимди македон парламенти жактырган. Грек депутаттары жаңы келишимди 21-январдан баштап талкуулап, апта соңунда ага добуш беришмекчи.