Таласта 9-класстын окуучусу беш күндөн бери дайынсыз
Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Маткерим Рахманбердиев атындагы мектептин 9-классынын окуучусу 18-апрелден бери дайынсыз. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар, мектептин окуучулары билдирди. Маалыматка ылайык, кыз мектепке акыркы жолу хижаб жамынып келген. -17-апрелде бизде "Жаш таланттар" деген конкурс болгон. Ал жерден кадимкидей эле ырдап-бийлеп жүргөн. Анан эртеси эле жоолук оронуп келди. Мугалимдер бир сыйра таң калып, бирок анын чечимине эч нерсе дешкен жок. Ошондон кийин эле жок. Читать дальше...