Багдад: кандуу кагылышуу болгон райондон аскерлер чыгарылат
Иракта өкмөткө каршы калайман нааразылык акциялар кагылышуулар менен коштолууда. Расмий маалыматка ылайык, бир аптадан бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо жалпысынан 100дөн ашык адам өлүп, ондогон киши жаракат алды.
Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат.
Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.