Добавить новость
World News

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Орус бийлиги: Демонстранттар тополоңчулар катары жазаланышы мүмкүн

Орусия полициясы жана Башкы прокуратура жекшембиде, 31-январда, убактылуу абактагы А.Навальныйды колдоп көчөгө чыкпагыла деп калайыкты эскертти. Бир нече ондогон шаарларда нааразылык жыйындары уюштурулаары күтүлүүдө.



Жыйын алдындагы эскертүү


Орусиянын полициясы абакта кармалып жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо иретинде 31-январда өлкөнүн ар кыл шаарларында нааразылык жыйындарга чыгууга беленденгендерге “көчөгө чыкпагыла” деп алдын-ала эскертти.




Орусия бийликтери жекшембиде боло турган нааразылык чаралары мыйзамсыз аракетке жатаарын баса белгиледи.


Орусиянын Башкы прокуратурасынын 29-январдагы билдирүүсүндө нааразылык жыйындарга катышкандардын иш-аракети тополоңго катышуу катары карала тургандыгы мындайча айтылат:


“Эгерде коомдук иш-чаралар маалында чагым жана зомбулук иш-аракет далаалаттары катталса, анда буга барган кишилердин иш-аракеттери Орусиянын Кылмыш кодексинин 212-беренеси аркылуу мүнөздөлүшү мүмкүн”.


Башкы прокуратура, ошондой эле, “Роскомнадзор” мекемесинен нааразылык чараларына чакырык камтылган интернет барактарга бөгөт коюуну талап кылды.




Москва шаарында калайык кыймылына чектөө киргизилмекчи жана шаар ортосунда бир нече метро бекети жабылмакчы. Нааразылык чаралары болушу ыктымал аймактарга жакын иш чөйрөлөрү, ресторандар жана кафелер да жабылат. Бул тууралуу Москва шаардык полициясы кабардады.


А.Навальныйдын тарапташтары коркутууларга карабастан, өлкө боюнча нааразылык жыйындарга чыгууга калайыкты чакырууда. 


Нааразылык чараларынын бири Федералдык коопсуздук кызматынын (мурдагы КГБнын) баш кеңсеси жайгашкан Лубянка аянтында жана президенттик администрация кеңселери жайгашкан “Старая площадь” аянтында өткөрүлө тургандыгы да күтүлүп жаткан.


30-январда Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ирина Волк нааразылык жыйындарынан баш тартуунун жүйөөлөрүнүн бири катары коронавирус алааматынын жайылышына бөгөт коюу зарылчылыгын атап өттү.

Бул илдетти жайылтууга каршы чараларга каршылык көрсөткөндөр кылмыш жообуна тартылат, деди Волк айым.




Жакынкы күндөрү Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег, укук адиси Любовь Соболь жана башка шериктери убактылуу үй түрмөгө кармалды. 30-январда “Медиазона” интернет басылмасынын редактору Сергей Смирнов кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулду.


Өлкөнүн башка шаарларында дагы айрым оппозициячыл саясатчылар убактылуу кармалганы маалымдалууда.


Айтмакчы, Москванын чордонундагы “Большой” жана “Малый” театрлары 31-январга белгиленген оюндарын өз маалында өткөрөөрү тууралуу кабардалды. Алар өз көрүүчүлөрүн эртерээк театр имаратына жетип алууга чакырышты.






Навальный жана нааразылык аракеттер



Орусиянын ар кыл аймактарында 23-январдагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну жана жемкорлукка каршы күрөштү талап кылган нааразылык жыйындары – акыркы жылдардагы эң ири толкундоо болуп калды.

Анын жүрүшүндө полиция демонстранттарга карата күч колдонуп, 4000ге жакын киши кармалган. Орус бийлиги "бул жыйындар уруксатсыз өткөнү үчүн тартип бузгандар кармалды", деп билдирген.






44 жаштагы Алексей Навальный – Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккан саясатчылардын бири. Ал былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, ал түшкөн жүргүнчү учак Омск шаарына чукул кондурулган. Ал комада калган. Эс-учу жок жаткан саясатчыны Омск шаарынан түз эле Берлинге учак менен жеткиришкен. Ал Германиядагы ооруканалардын биринде дарыланган жана ал Томск шаарында «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан.




Навальный жана бир нече маалымат каражаттары кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, аны ууландыруу боюнча тымызын амалды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү уюштургандыгы ашкереленген. Бирок Кремль бул доону алигиче четке кагып келет.



Ден соолугу калыбына келген соң Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага келээри менен “Шереметьево” аба майданында полиция тарабынан кармалып, 30 күнгө камакка алынды.






Навальныйдын камакка алынышын бир катар демократиялуу өлкөлөр кескин сынга алып, Кремлди аны тез арада эркиндикке чыгарууга чакырып келишет.


Бир катар Батыш өлкөлөрү Навальныйдын ишинен улам Орусияга карата чектөөлөр күчөтүлүшү ыктымалдыгын эскертишкен.




Орусиянын президенти Владимир Путиндин эски досу, ишкер Аркадий Ротенберг «Mash» аттуу телеграм-каналга маек куруп, өзү Орусиянын түштүгүндөгү Геленжик шаарына жакын токой арасындагы «хан сарайдын» кожоюну экендигин айтты.


Дал ушул ак сарай оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген Жемкорлукка каршы күрөш фондунун атайын иликтөөсүнүн мерчеми болгон.

Ротенбергдин айтымында, ал сөз кылынган ак сарайдын «пайдасын көрүүчү» болуп саналат.



Навальныйдын тобу даярдаган жана 19-январда жарыялаган даректүү тасмада бул «хан сарай» Владимир Путинге таандык деп айтылган. Жалаң гана "хан сарайдын" баасы 100 миллиард рублдей (1,35 миллиард АКШ долларындай) акчага татыйт. Бул аксарай жайгашкан чакан аймактын үстүнөн учууга уруксат жок, кишилерге өтө катаал тартипте гана ал жакка кирүүгө мүмкүн.


Тасманы алгачкы күндөрү эле 100 миллиондой киши көргөнү айтылат.




Путин өзү болсо бул «хан сарайдын» кожоюндары – жеке менчик компаниялар деп билдирген.


Айрым адистер А.Навальныйдын кармалышы коомчулук үчүн “дүрмөт” болгону менен, өлкөдө ансыз да тереңдеген социалдык теңсиздикке жана улам күчөгөн жемкорлукка каршы коомдук чыңалуу байкалып келгенин, ошондуктан улам жаңы катмарлар нааразылык жыйындарга чыгууга бел байлап жаткандыгын баса белгилешет.

 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России