“Апрель” телеканалынын кабарчысы милицияга кайрылды
Журналист Юлия Кулешова Facebook түйүнүндөгү жана Telegram мессенжериндеги профилдерине 8-февралда чабуул жасалганын, кабарчы катары кесиптик ишмердүүлүгүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, ошол адамды табууну жана жоопко тартууну өтүнгөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган “Апрель” санарип телеканалы эфирге 2018-жылы чыга баштаган.
Кыргызстанда киберкоопсуздук боюнча стратегия 2019-жылы кабыл алынган. (RK)

