Жалал-Абадда көчкүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылды
24 жаштагы маркумду туугандары менен куткаруу кызматы 14-февралдан бери издеп жатышкан. Куткаруучулар аны өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан.
Бул тилкеде жол салып жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын дагы үч жумушчусу кар көчкү алдында калып табыла элек.
ӨКМ 14-февралда Жалал-Абадда эки жолу кар көчүп, төрт кишинин дайыны чыкпай жатканын билдирген. (TB)

