Украин бийлиги Орусиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалыматына караганда, орусиялык армия 102 танк, 536 чопкутталган машине, 14 учак, сегиз тик учак, 15 замбирек, бир зениттик-ракеталык "Бук" комплексинен айрылды.
Орус тарап армиядагы жоготуулары тууралуу маалыматты жашырууда.
Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган.
Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат. Киевде турак үйлөр ракета чабуулуна кабылды.

