Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынды
“Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз”, - деди Байгазиев.
Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат. Кара-Кеченин көмүрүнүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет.
Кышында Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет. (BTo)