Авазбек Аманбеков Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медал алды
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кыргызстандык спортчу 56 кг салмак ченинде биринчи беттешинде непалдык атаандашын 2:0 эсебинде, чейрек финалда Таиланддын спортчусун да 2:0 менен жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда филиппиндик атаандашына утулуп калган. Бул ушу-саньда боюнча Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарындагы биринчи медал.
XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган. Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.
23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат.
Буга чейин дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медал тагынган. (BTo)

