Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт?
4-октябрда Бишкекте “уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлдү. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракети Кыргызстан менен эле чектелип калбайт. Ага АКШ өкмөтү эки жолу санкция салып, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү деп “кара тизмеге” киргизген.