Германиянын полициясы Гамбургдагы Ислам борборунда тинтүү жүргүздү
Аталган уюм АКШда да террордук топ деп таанылган.
Германиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жети федералдык аймакта Гамбургдагы Ислам борбору менен байланышы бар 54 жай тинтүүгө алынды.
Франс Пресс (AFP) агенттиги Гамбургдагы Ислам борбору немис чалгын кызматынын көзөмөлүнө бир нече жыл мурун алынганын жазды. Борборду 1953-жылы ирандык мигранттар түптөгөн. Ички иштер министрлиги анын ишмердиги “Ирандын жогорку жетекчилеринин революциялык концепциясын жайылтууга багытталган, бул Германиянын конституциялык тартибин бузушу ыктымал” деп эсептейт.
Гамбургдун ички иштер министри Энди Гроте бул борбор “жакынкы келечекте жабылат” деп ишенерин айтты.
Германия башка Батыш мамлекеттериндей эле антисемитизмди ооздуктоо чараларын көрүүдө. Андай көрүнүш Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун ортосунда согуш жүрүп жаткан кезде көбөйүп баратат.
Жоочулар Израилге кол салган 7-октябрдан кийин Германия ХАМАСка жана ага байланышкан уюмдарга тыюу салган.
Ошол чабуулдан кийин Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүндөгү Хезболла менен да кармашып келатат.
Рейд учурунда кимдир бирөөлөр кармалып-кармалбаганы маалымдала элек.

