Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Андан тышкары Жогорку Кеңештин айланасындагы таман таштарды да алмаштыруу каралып жатат.
Расмий маалымат боюнча, эл оозунда Ак үй деп аталган парламенттин имараты 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
2005, 2010 жана 2020-жылдардагы элдик толкундоолордо Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, таланып-тонолгон. Бул имаратта 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин президент жана анын администрациясы да отурган.
Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (BTo)

