Токмокто 13 жаштагы кыз төрөдү
Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук төрөт үйүнүн башчысы Шайыргүл Узагалиева билдирди. Ал окуучу кыздын төрөтү мөөнөтүнүн өтүп баратканына байланыштуу, операция аркылуу жүргөнүн, учурда ымыркай менен 13 жаштагы эненин абалы жакшы экендигин айтты.
- Бизде мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Учурда өзү эмизип, өзү карап жатат. Төрөлгөн ымыркай кыз экен. Үч жыл мурун 14 жаштагы кыз төрөгөн. Мындай учурда тартип органдарын чакырып, алар түшүнүк кат жаздыртып алышат. Бул жолкусун да ошондой болду.
Буга чейин Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №2 мектептин 7-классынын окуучусу кош бойлуу экени аныкталгандан кийин, окуяга байланыштуу мектеп директору өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кеткен.
13 жаштагы окуучу кыз апасы жана өгөй атасы менен жашай турганы аныкталган. Кыздын кош бойлуу экенин апасы билгенден кийин мектептен алып, үйдө окутуп жаткан. (KE/SDz)