Павел Грудинин Орусиянын президенттигине талапкерлигин көрсөттү
Орусиядагы “Ленин атындагы совхоз” агрохолдингинин башчысы Павел Грудинин өлкө президенттигине талапкерлигин көрсөтүп, Борбордук шайлоо комиссиясына документин тапшырды. Ал Орусия Федерациясынын Компартиясынын өкүлү катары (РФКП) талапкерлигин койду. Анын шайлоо штабын коммунисттердин азыркы лидери Геннадий Зюганов өзү жетектейт. Грудинин өзү РФКП партиясына мүчө эмес, бирок, мурунтан партиянын идеяларын колдоорун ачык айтып келген. 2010-жылга чейин ал “Бирдиктүү Орусия” партиясына мүчө болуп жүргөн. Читать дальше...