Кытайдын Кашкар тарабын кум учурган бороон каптады
![Кытайдын Кашкар тарабын кум учурган бороон каптады](https://gdb.rferl.org/3FB7B706-3311-45F6-B6C0-78DED3BF2236_cx0_cy0_cw85_w800_h450.jpg)
Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном облусундагы Кашкар префектурасын кум учурган бороон каптады. Метеорология кызматы ушул тапта кооптуу кырдаал эң жогоркудан кийинки, же "саргылт" деңгээлге жеткенин билдирди.
Жөө жүргөндөр кум-чаң жутпаш үчүн оозу-мурдун жаап жүрүүгө аргасыз болууда. Бута атым аралыктын көрүнбөй калышы автоунаа айдоочуларга да кыйынчылык жаратууда.