Санкт-Петербургдагы жардыруудан бир өзбекстандык жабыркаган
![Санкт-Петербургдагы жардыруудан бир өзбекстандык жабыркаган](https://gdb.rferl.org/A664D6F9-7643-43D8-BA64-4E6D99833E9A_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Санкт-Петербургдагы соода дүкөнүндө 27-декабрда кечки саат жетиге чукул болгон жардыруудан 60 жаштагы өзбекстандык Иврикул Аликулов жарадар болгон.
Ал учурда №17 Александров шаардык ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер анын абалын туруктуу оор деп баалап жатышат.
Өзбекстандын ТИМи Орусиядагы консулдуктун кызматкерлери жабыркаган өзбекстандыкка керектүү жардам көрсөтүп жатышканын маалымдаган.
Орусиянын Тергөө комитети шаардагы тамак-аш саткан «Перекресток» дүкөнүндөгү жардырууну адам өмүрүнө кол салуу катары карап, жардыргыч заттын кубаттуулугун тротил эквиваленти менен 200 граммга баалады.
Колго жасалган бомба жарылганда 13 киши жабыркаган. Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко аларга 300 миң рублдан акчалай жардам көрсөтүүгө буйрук берген.