Жаңы жыл алдында бийлик башчылары жолукту
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту.
Бул тууралуу өлкө башчысынан маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда узап бараткан жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылдагы милдеттер боюнча мамлекет жетекчилери баарлашкан.
Кыргызстанда быйыл Жогорку Соттон төрайымынан башка бийлик бутактарынын башчылары алмашты.