Жаңы жылдык майрамда адашкан 27 бала жакындарына өткөрүлүп берилди
![Жаңы жылдык майрамда адашкан 27 бала жакындарына өткөрүлүп берилди](https://gdb.rferl.org/698BC330-8EA5-4C21-88FA-8B244D3DB573_cx0_cy46_cw0_w800_h450.jpg)
Бишкекте Ала-Тоо аянтында 1-январга караган түнү жаңы жылдык майрам учурунда ата-энесинен адашып кеткен 27 баланын баары тең жакындарына аман-эсен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Жалпысынан, милициянын маалыматына караганда, шаарда жаңы жылдык майрамдар тынч өттү.
Коомдук коопсуздукту 2 миңдей ички иштер кызматкери камсыз кылды. (RK)