Кыргыз кыз-келиндери: Түркиядагы түркүн тагдырлар
![Кыргыз кыз-келиндери: Түркиядагы түркүн тагдырлар](https://gdb.rferl.org/1CBF4FB2-B85C-4ED0-95AB-7CAFA40E13F9_w800_h450.jpg)
2017-жылы Түркияга иш издеп келген кыргызстандыктар эки эсе көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Көбүнесе Түркиянын мыйзамдарын, коомдук маданиятын, тилин билбей келген мигрант кыз-келиндер ар түрдүү зордук-зомбулукка кабылган учурлар кездешет. Буга Анталиядагы Маликанын, Анкарадагы Сергүлдүн, Аланиядагы Ранохандын окуяларын мисал келтирсек болот.