Трамп Пакистанды зекиди
АКШ президенти Доналд Трамп Пакистанды экстремисттерге башпаана берип жатат деп айыптап, буга байланыштуу миллиарддаган доллар жардамын кыркып саларын айтып коркутту.
“Акыркы 15 жылда АКШ акылсыздык менен Пакистанга 33 млрд доллардан ашык жардам берип келди. Бул үчүн алар жалганчылык менен куулук кылгандан башка бизге эч нерсе беришкен жок. Алар биздин лидерлерди акмак ойлоп келишти”, - деп Трамп “Твиттерге” жазды.
Ошол эле билдирүүсүндө ал АКШ Ооганстанда сары изине түшкөн террорчуларга Пакистан башпаана берип жатат деп айыптады.
АКШ буга чейин Пакистан коңшу Ооганстанда кол салууларды жасап жаткан "Талибан" жоочуларына баш паанек бергени үчүн нааразы болгон.
Америкалык расмийлердин пикиринде, оочулар Пакистандын тоолуу жана жакшы кайтарылбаган чек араларынан өтүп келип Кошмо Штаттардын, Ооганстандын жана башка өнөктөштөрдүн күчтөрүнө кол салып келишет. Алар Пакистандын чалгын кызматынын жардамы менен бул өлкөдөгү башпаанектерине кайра кайтып жатат. Расмий Исламабад болсо мындай ырастоолорду четке каккан.