Макрон: Европалык дымагыбызды кайра кайтарышыбыз керек
![Макрон: Европалык дымагыбызды кайра кайтарышыбыз керек](https://gdb.rferl.org/95E06CC3-DBCB-4732-949A-9F182F9C2CB5_cx0_cy11_cw0_w800_h450.jpg)
Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз өлкөсү Европасыз өсүп өнүгө албасын билдирди. Президент катары алгачкы Жаңы жылдык куттуктоосунда Макрон 2018-жылды европалык келечек үчүн күрөштөгү чечүүчү жыл катары белгиледи.
Анын айтымында, экономикалык, социалдык жана илимий потенциалы Евробиримдикке эл аралык аренада Кытай жана АКШ менен теңата болууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Макрон Франция качкындарды кабыл алууну жана аларга жардам берүүнү уланта берерин айтты.
Ички саясат жаатында президент реформаларды улантууга убада берип, француз жарандарын биримдикке чакырды.
«Дагы эгемен, биримдиктүү жана демократиялык Европа болуш үчүн европалык дымагыбызды кайра кайтарышыбыз керек», - деди ал.
Эммануэл Макрон Франциянын президенттигине 2017-жылдын майында 39 жашында шайланган.