Дайранын шарындай күүлдөгөн элдүү-журттуу көкбөрү...
Кубатбек Жусубалиев - кыргыз прозасындагы эң эле оригинал сүрөткерлердин бири. Окурман журту аны публицист, акын, мыкты киночу катары да жакшы билет. А бирок жазуучунун атын чыгарган, көркөм сөзгө ынактардын жарпын жазган чыгармалары - чакан эпикалык жанрдагы аңгеме, повесттери.