Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн. рубль чогултту
Орусиянын президенттигине талапкер Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн. рублдан ашуун каражат чогулганын билдирди.
«Настоящее время» телеканалы менен маектешип жатып, Ксения Собчак акчаны ондогон ири бизнесмендер жана достору бергенин айтты. Бирок алардын аттарын ачык айткан жок.
Журналист Ксения Собчак 36 жашта. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин насаатчысы жана бир кездеги жетекчиси, Санкт-Петербургдун губернатору болгон маркум Анатолий Собчактын кызы.
Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына белгиленген. Ага президент Путин дагы катышары маалым. Саясат талдоочулар ал атаандаштарын жеңил эле жеңип чыгат деп эсептешет.
Айрым оппозициячыл саясатчылар путиндик тарап Ксения Собчактын шайлоого атаандаш талапкер катары катышуусуна ынтызар болуп жатканын белгилешүүдө.