Үйүндө мыйзамсыз курал сактагандар кармалды
![Үйүндө мыйзамсыз курал сактагандар кармалды](https://gdb.rferl.org/C4439FED-AB83-49F5-AD2F-9BC3FB697DA5_w800_h450.jpg)
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл районунун М.А. аттуу тургунунун үйүнөн 5,45 калибрдеги 11 даана ок табылып, өзү кармалды. Ошондой эле Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын жашоочусу Ы.Р. аттуу жарандын үйүнөн “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү мыйзамсыз курал табылып, ал да кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Табылган курал жана ок-дарылар баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү. "Алар буга чейин колдонулганбы-жокбу, кылмыш иштерине тиешеси барбы же жокпу" деген суроо иликтенүүдө.
Ички иштер министрлиги куралды жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин эскертет. Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандарга эркинен ажыратууга чейин жаза чегерилет. Ошол эле кезде курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкепкерчилигинен бошотулат. (ErN)