Мамдепартамент “Мемориалдын” Чеченстандагы жетекчисин бошотууну талап кылды
Кошмо Штаттар Чеченстанда кармалган укук коргоочу Оюб Титиевдин тагдырына тынчсыздануу менен орус бийликтерин анын укугун бузбай, тезинен бошотууга үндөдү.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Титаев камакта калса, өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн деген кооптонуу айтылат.
«Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оюб Титиев шейшембиде жолдо бараткан жеринен кармалып, Курчаловск райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бир нече саат бою ага адвокатын киргизбей коюшкан.
9-январда түштөн кийин Чеченстандын ИИМи укук коргоочуга 180 грамм «кара куурай жыттанган» затты ташып бараткан деген кине тагылганын билдирген. Титиев өзүнө тагылган айыпты дароо четке какты.
«Новая газета» Титиевди Чеченстанда буга чейин бир нече жолу коркутушканын жазды.
Укук коргоочулар Чеченстанда коопсуздук күчтөрү бийликке сын айткандарды “маңзат менен кармаган” учурлар көп колдонуларын эскертишет.
Титиев Чеченстандагы “Мемориал» уюмунун өкүлчүлүгүн 2009-жылы Наталья Эстемирова киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн тарта жетектейт.