Азербайжан: журналист Мухтарлы алты жылга абакка кесилди
12-январда акыркы сөзүн сүйлөгөн азери журналист өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары мүнөздөп, президент Илхам Алиевдин өкмөтү "биздин үнүбүздү баса албайт" деп айтты.
Алиевдин айланасындагы адамдардын коррупциялык аракеттери тууралуу жазып жүргөн Мухтарлы 2015-жылы өз өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, жубайы Лейла менен Грузияга качкан. Бирок журналист 2017-жылдын май айында Тбилисиде дайынсыз жоголуп, бир күндөн кийин ал Бакуда камакта экени белгилүү болгон. Мухтарлы "уурдалганын" анын адвокаттары билдиришкен эле.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Азербайжан өкмөтүнөн Мухтарлыны бошотууну талап кылышкан.