Ысык-Көлдө жабырлануучуну үтүк менен кыйнаган топ кармалды
- Жабырлануучунун айтымында, таңга маал саат 5терде үйүнө беткап кийген үч киши кирип келген. Уурулар үйдөн телефон, 4 миң сом жана алтын буюмдарды алып кетишкен. Мунун алдында алар үй ээсин коркутуп, согончогуна ысык үтүк басып кыйнашкан.
Усубакунов окуяга тиешеси бар киши катары беш адамдан турган топ колго түшкөнүн, алар Нарын, Талас жана Чүй облусунун тургундары экенин билдирди. Маалыматка караганда, үч киши үйдү карактоого киргенде экөө эшикте күтүп турган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Карактоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, колго түшкондөр убактылуу кармоочу жайга камалды. (КЕ)