АКШ "Хезболланын" баңгизат соодасына байланышын иликтейт
"Бул топ чет өлкөлүк террорчул уюмдарга агылган акчага жана эл аралык баңгизат соодасына бөгөт коюу боюнча иш алып барат", - деди Сешнс.
Анын алдында Конгресстеги республикачылар "АКШнын Баңгизатка каршы күрөш департаментинин "Хезболланын" шектүү аракеттерин иликтешине жолтоо болгон" деп мурдагы президенттик администрацияны сынга алышкан.
Ирандан колдоо алган, шиит багытын карманган "Хезболла" тобун АКШ террорчул уюмдардын тизмесине кошуп, бул уюмга бир нече жолу санкция киргизген.