Петропавловск: имамдар ысырапкорчулукту чектемей болушту
Имамдардын айтымында, бул чечим шариаттын жол-жоболоруна каршы келген ысырапкорчулукту токтотууну жана үй-бүлөлөрдүн материалдык чыгымын азайтууну көздөйт.
Имамдардын чечимине ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууда кийим жана килем сыяктуу кымбат баалуу буюм-тайымдарды таратууга, көп чыгым жумшап элди коноктоого тыюу салынат. Чечимдин аткарылышын облустук, шаардык, райондук жана айылдык мечиттердин жетекчилери, жергиликтүү молдолор көзөмөлдөшөт.