Трамптын иммигранттар тууралуу cөздөрү сынга кабылды
"Жыйында мен кескин сөздөрдү колдондум, бирок жанагындай сөздөрдү колдонгон эмесмин",-деп жазды Трамп Твиттердеги барагына.
Трамп өз сөзү менен бир нече өлкөнү кемсинткенин алгач "Washington Post" басылмасы окуя менен жакындан тааныш булактарына таянып жазып чыккан. Мындай кабарлар АКШнын өзүндө жана чет өлкөлөрдө катуу сынга кабылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын өкүлү Руперт Колвилл "Трамп айтты" деген сөздөр расизмге барабар экенин билдирди.
Вашингтондогу жыйында өспүрүм кезинде ата-энелери АКШга мыйзамсыз алып келген мигранттарды мыйзамдаштыруу маселеси талкууланган.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Радж Шах бул маалыматты четке каккан жок. Ал "чет өлкөлүктөрдүн жыргалчылыгына кам көрүүнү чечкен айрым вашингтондук саясатчылардан айырмаланып, Трамп ар дайым америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөшөөрүн" белгиледи.