Каталон парламенти Пучдемонду кайра шайлоону көздөөдө
Испаниянын Каталония автономиясында жаңы шайланган парламент мүчөлөрү алгачкы жыйынга чогулушту. 17-январда алар солчул республикачылардын өкүлү Рожже Турренди спикерликке шайлашты.
Бир ай мурда өткөн кезексиз шайлоодо чөлкөмдүн Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган партиялар добуштардын көбүн алган. Алар "Каталония үчүн бирдикте" коалициясын курап, автономиянын мурдагы президенти Карлес Пучдемондун кайра бийликке келишин жактап жатышат.
Испания сотунун өлкө аймагында аны камоо ордери дале алына элек. Ошон үчүн учурда Бельгияда жүргөн Пучдемон кайтып келсе кармалышы ыктымал. Тарапташтары ага Испанияга келбестен эле башкаруу укугун берүү керек деп жатышат. Мындай демилгеге расмий Мадрид караманча каршы. Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой аймактын башчысы мыйзамга ылайык шайланбаса, Каталонияга киргизилген түз башкаруу алынбастыгын билдирди.
Испания жана анын курамындагы Каталониянын ортосундагы саясий кризис автономияда эгемендикти жактаган референдум өткөндөн кийин тереңдеген.