Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?
![Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?](https://gdb.rferl.org/d83e8f19-5f7a-40b5-9bae-498e61f6a26b_tv_w800_h450.jpg)
Кыргыз өкмөтү апта башында өлкөдөгү криминогендик абалды талкуулады. Уюшкан кылмыштуулук Жогорку Кеңештин трибунасында да көтөрүлүп, укук коргоо органдары сынга алынды. "Каралар" маселесинин күн тартибине чыгышына акыркы учурда катталган чуулгандуу окуя-фактылар, анын ичинде Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы бир ресторандын күйүп кетиши себеп болду.