Ош: Милициянын бөлүм башчысы пара менен кармалды
![Ош: Милициянын бөлүм башчысы пара менен кармалды](https://gdb.rferl.org/D411D155-D34F-4E3E-8A44-BF1D7DB3CCD9_w800_h450.jpg)
Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Тепе-Коргон милиция бөлүмүнүн башчысы, К.К. аттуу майор пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 17-январда ички иштер органдарына 22 жаштагы жаран кайрылып, милиция кызматкери андан 200 доллар талап кылып, болбосо дүкөнүн жабуу менен коркутуп жатканын айткан. Бүгүн, 18-январда милиция кызматкери 7 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Бул факт боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313 жана ("Пара алуу") 304- ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө-иликтөө ишин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт. (КЕ)