VIP-шаарчадагы чырдын төркүнү
![VIP-шаарчадагы чырдын төркүнү](https://gdb.rferl.org/290FDF5B-F675-4DE4-A5A8-CBD1B41ACC60_cx0_cy3_cw95_w800_h450.jpg)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаарынын “Ала-Арча” турак жай комплексиндеги каржылык мыйзам бузуу фактыларын териштирүүгө киришти. Бир күн мурда “Ала-Арча” турак жай комплексинин жашоочуларынын бир тобу өз кошуналары, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековдун жубайлары комплекс башкармалыгынын иштешине жолтоо кылып жатканын билдирип чыгышкан.