Украинада жикчилердин катарында согушкан орусиялык 6 жылга кесилди
Бир нече күндөн кийин Агеев теле билдирүүдө туткундалганда Орусиянын куралдуу күчтөрүндө контракт менен кызмат өтөп жатканын айткан. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Агеев кармалганда армияда кызмат өтөбөгөнүн билдирген.
Киевдин жана Батыштын далилдерине карабай, Москва кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилерди курал-жарак менен камсыздап, машыктырып жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келатат. 2014-жылдан бери уланып келаткан жаңжалда 10 миң 300дөй киши каза болду.
Буга чейин жикчилердин катарында согушкан эки орус жараны 14 жылга эркинен ажыратылган. Бирок алар кийин украиналык учкуч Надежда Савченкого айырбаштоо тууралуу макулдашуунун негизинде мекенине кайтарылган.
.