Бишкектеги турак үйдөн өрт чыкты
![Бишкектеги турак үйдөн өрт чыкты](https://gdb.rferl.org/09D9891C-F492-49EA-8847-EEFD7B524495_w800_h450.jpg)
Бишкектин 3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 11:42де түшкөн. Өрт бир сааттын ичинде өчүрүлдү.
Кырсыктан жабыркагандар жана каза тапкандар тууралуу маалымат жок. Учурда себептери такталууда.