Орусия АКШнын "Кремл баяндамасына" жооп кайтарды
![Орусия АКШнын](https://gdb.rferl.org/5E54E2A9-E284-4A9D-A4AF-E751FE30EBBC_w800_h450.jpg)
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремл “баяндаманы талдап чыккандан кийин кандайдыр тыянак чыгарарын” айтты. Ал өзүнүн да Вашингтондун тизмесине кирип калганына маани бербей турганын, ага түшкөндөрдүн баары “АКШнын душмандары” аталганын кошумчалады.
Орусиянын Федерациялар Кеңеши болсо “Кремл баяндамасын” орус элитасын “мүдүрүлтүү аракети” деп баалады. Вице-премьер-министр Аркадий Дворкович Ак үйдүн “тизмесине кантип түшпөй калмак элем” деп, америкалыктардын баяндамасы “Орусиянын саясатында ким бар” деген китепти элестеткенин кошумчалады.
Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын ысымдары камтылган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн ал "кара тизмедегилерге" каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн.
АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган тизмеде президент Путиндин 43 жардамчысы жана кеңешчиси, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле өкмөттүн премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган 31 мүчөсү, анын ичинде тышкы иштер министри Сергей Лавров, таанымал депутаттар, Орусиянын чалгын мекемелеринин башчылары бар.
“Олигархтар тизмесине” болсо Орусиянын байлары, мамлекеттин карамагындагы компанияларынын жетекчилери, анын ичинде “Роснефть" компаниясынын башчысы, президент Путиндин досу атыккан Игорь Сечин, “Сбербанктын” башчысы Герман Греф киргизилген.
Андан сырткары, Кремлге жакын киши катары айтылып жүргөн олигархтардан Алишер Усманов, Роман Абрамович, Сулейман Керимов, Олег Дерипаска, Евгений Касперский, Владимир Евтушенков, Петр Авен, Аркадий жана Борис Ротенбергдер, Геннадий Тимченко, Олег Тиньков, Александр Мамут, Владимир Потанин, жакында президент Путиндин кызы экени айтылган Екатерина Тихонова менен ажырашканы тууралуу маалымат тараган Кирилл Шамалов, 2012-жылкы президенттик шайлоого катышкан Михаил Прохоров да бар.
2014-жылы Орусия Крымды аннексиялашынан, анын Украинанын чыгышындагы аракеттеринен жана ал тууралуу "2016-жылы АКШда өткөн шайлоого кийлигишти" деген маалыматтардан улам мурда президенттин жарлыгы менен санкциялар киргизилген. Былтыр жайында Конгресс аны мыйзамдаштырган.