Пакистанда жанкечти чабуулу кеминде 11 жоокердин өмүрүн алды
![Пакистанда жанкечти чабуулу кеминде 11 жоокердин өмүрүн алды](https://gdb.rferl.org/DC133F30-DDE4-4071-B26B-4084C10EEF08_cx29_cy18_cw70_w800_h450.jpg)
Сват өрөөнүндөгү аскердик базага жанкечтинин чабуулунан кеминде он бир жоокер набыт кетип, дагы он үчү жаракат алды.
Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, жанкечти 3-февралда жоокерлер волейбол ойноп жаткан спорттук аянтчада өзүн жардырган. Оюнду жай тургундар да көрүп турган.
Каза тапкандардын арасында офицер да бар экени кабарланды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Техрик-е Талибан» тобу алып, чабуулду "өч алуу" деп атады.
Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси чабуулду айыптап, "коркоктордун соккусу" катары баалап, өлкөдөгү террорчулуктун акыркы тамырларын жок кылууга чакырды.